• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Беларустун ШКУга кошулуусу боюнча меморандумду ратификациялады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.12.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда карап, кабыл алды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тааныштырды.

Ал белгилегендей, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун корутунду жобосуна ылайык жана анын күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий