• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Самаркандек айылындагы үӊкүрдү музейге айландыруу сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Баткен районундагы Самаркандек айылында тээ илгери алтын менен күмүш казылган үӊкүр бар экен. Өтө сейрек кездешүүчү чоӊ үӊкүр. Аны музейге айландырып койсо, көптөгөн туристтерден жергиликтүӊү бюджетке ири көлөмдө каражат түшмөк, бирок жергиликтүү бийликтин чамасы чакталуу. Ал үчүн Өкмөт жакындан жардам берип, инвесторлорду тартса жакшы болмок. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Буга мисал четтен чыгат, мисалы, Кореяда мурда алтын казылган жайда музей ачышыптыр. Тимеле, жер астындагы чоӊ шаар экен. Азыр жылына 2 млн.го чейин турист келип, көптөгөн каражат түшөт. Биз дагы ошондой ажайып жайларды курушубуз керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий