• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстан менен БДБнын ортосунда өнөктөштүк стратегиясын иштеп чыгуу зарыл"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бүткүл дүйнөлүк банктын (БДБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков 25 жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасын, айрыкча айыл чарба, энергетика, инфраструктура, суу менен жабдуу, ирригация, саламаттыкты сактоо сыяктуу бир катар тармактарга тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууда каржылык жана техникалык жактан колдоого алып келгендиги үчүн Бүткүл дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип: "Кыргыз тарап үчүн өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду аталган банктын колдоосу менен ишке ашыруу өтө маанилүү", - деди.

Андан тышкары, Төрага тараптардын кызматташтыгынын стратегиялык багытын аныктоо максатында 2018-2020-жылдарга карата Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүк боюнча Стратегия иштеп чыгуу зарылчылыгын билдирди.

Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Стратегиясы иштелип жатканына да токтолгон Чыныбай Турсунбеков: "Аталган документте өндүрүштү, агрардык секторду өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурулган", - деп билдирди. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк бул жааттагы долбоорлорду ишке ашырууга колдоо кыларынан үмүт артарын кошумчалады.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банк менен Кыргызстан көп жылдан бери тыгыз кызматташып жатканын айткан Л.Бурунчук: "Биз ири натыйжаларга ээ жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеӊейтүүгө кызыктарбыз", - деди. Андан тышкары, Кыргызстанды каржылык жактан колдоонун көлөмүн 60-70%га көбөйтүү мерчемделип жатканын айткан Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору: "Буга ылайык кийинки үч жыл аралыгында Кыргызстандагы ири жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 280 млн. АКШ доллары берилет. Ага кошумча гранттык каражаттар жана башка эл аралык өнөктөштөрдөн да каржылык жана техникалык колдоолор каралууда" - деп билдирди.

Тараптар Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөө тууралуу да баарлашып, Лилия Бурунчук изилдөөнүн жыйынтыктарын Жогорку Кеӊештин комитеттери менен бирге талкуулоо зарылчылыгын билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасы менен Бүткүл Дүйнөлүк банктын ортосундагы келечектүү кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашты. Кошумчалай кетсек, жолугушууга Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеӊсесинин башчысы Жан Мишель да катышты.

Пикир

Оставить комментарий