• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Жогорку Кеңеш жана МамДуманын комитеттеринин биргелешкен жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети менен Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ мамлекеттеринин евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин IV биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага депутаттар Улан Примов, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев жана Элдар Сулаймановдор катышты.

Комитеттердин мүчөлөрү Россиянын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын жана Кыргызстандын аймагындагы Россиянын жарандарынын укуктук статусун, евразиялык интеграциянын шарттарында, аймактар ​​аралык кызматташуунун келечегин жана башка маселелерди талкуулашты.

Биргелешкен жыйында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда мамиле курган негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Парламенттер аралык кызматташууга токтолгон Улан Примов бүгүнкү күндө эки өлкөнүн парламенттери диалогдун бардык аянтчаларында, тактап айтканда, КМШга мүчө-мамлекеттердин ПАА, ЖККУ ПАнын алкагында, ошондой эле башка парламенттер аралык уюмдар аркылуу натыйжалуу кызматташып жатканын белгиледи. «Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу базасы бар, биз парламенттер аралык диалогдун жогорку динамикасын сактап калууга жетишип жатабыз», - деди комитет төрагасы.

Жыйында өзгөчө миграция тармагындагы маселелерге басым жасалды. Эмгектенген кыргызстандык жарандардын айрым көйгөйлөрүн козгоп, Улан Примов жеңил административдик укук бузуулардын айынан “кара тизмеге” кирип калган Кыргызстандын жарандарына карата “миграциялык мунапыс” колдонуу маселесин кайра карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле демилгеленген “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын РФге кирүү (чыгуу) жана болуу (жашоо) шарттары жөнүндө” демилгеленген Федералдык мыйзам долбоорунун айрым ченемдери бирдиктүү эмгек рыногун түзүү принциптерине карама-каршы келери белгиленди.

Миграциялык тармактагы кызматташтык боюнча теманы улай, Улан Примов эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча бир катар маселелерди кароону сунуштады.

Алардын ичинде аярлуу чет өлкөлүк жарандардын категорияларына Россия Федерациясынан чыгаруу чараларын колдонууда өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, эки өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынган КР жана РФ жарандарынын тизмелери менен алмашуу, Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу сындуу маселелер бар.

Чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтүн чектөө, манжа изин каттоо, сүрөткө түшүү процедурасы боюнча да сөз козгоп, комитеттин төрагасы Улан Примов ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн жогоруда аталган процедуралардын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлугүн кароону сунуштады. Ошондой эле, талап кылынган процедуралардан 6 жаштан эмес, 14 жаштан тартып өтүүсүн сунуштады.

«Кыргызстандын жарандарынын Россияга мыйзамдуу келип, жумушка орношуусуна шарт түзүү үчүн, Кыргызстанда жарандарды иммиграцияга чейин даярдоо борборлорун түзүү, аны менен катар Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагына кирер алдында зарыл болгон процедураларды алдын ала бүтүрүүгө көмөк көрсөтө турган Москванын мамлекеттик бюджеттик мекемесинин «Көп функционалдуу миграциялык борборунун» өкүлчүлүктөрүн уюштурунуу тез арада ишке ашырат деп үмүттөнөбүз», - деди Улан Примов.

Аймактар ​​аралык кызматташууга токтолуп, Улан Примов евразиялык интеграциянын алкагында эки өлкөнүн жигердүү кызматташтыгына көңүл бурду. «Дүйнөдөгү татаал геосаясий жана экономикалык кырдаалдын шартында макроэкономикалык туруктуулукка жетишилди, финансылык туруктуулук сакталды, азык-түлүк тартыштыгы болгон жок, аны менен катар Биримдиктин алкагында өз ара сооданын көлөмү өсүүдө. 2022-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4,53 миллиард АКШ долларын түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 32,3%га өстү», - деп белгиледи депутат.

Мындан тышкары, комитет башчысы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар эки тараптуу мамилелерге токтолду.

Пикир

Оставить комментарий