• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламент комитети Кыргызстандын Беларустагы элчисин дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия Республикасындагы жана Эстон Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселеси каралды.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев аталган кызматка Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин сунуш кылды.

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Эрмек Ибраимовду Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия Республикасындагы жана Эстон Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болду.

Пикир

Оставить комментарий