• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сапар Исаковдун музей жана ипподром боюнча иши Биринчи май райондук сотуна жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеванын Бишкектеги тарых музейдин оңдоо иштери жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жиберилди . Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча 2018-жылдын 31-декабрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2016-жылы КР өкмөтү менен Түркиянын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия агенттиги (ТИКА) ортосунда мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталган. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 млн. АКШ доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

Бирок, музейди реконструкциялоодо КР президентинин аппаратынын мурунку жетекчиси С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү боюнча негизсиз талаптарынан улам Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында, музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 520 млн. 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий