• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутаттар ата-мекендик ун өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү керек деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар өкмөт өкүлдөрүн ата-мекендик ун өндүрүүчүлөрүн колдоого чакыруу менен, Экономика министрлигин жана Мамлекеттик салык кызматын буга өтө тыкыр көзөмөл кылуу керектигин эскертишти. Алсак, Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, импорттолгон буудай же унга кошумча нарк салыгын алып салуу тууралуу чечим кабыл алынып салынганы карабастан, күтүлгөн натыйжа өтө төмөн болууда. Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, атайын мыйзамдык эрежелерге ылайык, кыргыз базарында өлкө ичинен чыккан товарлардын сатылышын көзөмөлдөө керек.

Андан тышкары, комитет мүчөлөрү депутаттар К.Назаров, А.Жапаров, К.Исаев тарабынан демилгеленген "Бюджеттик насыя берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарышты.

Пикир

Оставить комментарий