• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында айылдардын бирине 111,7 млн сомго мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы мектеп курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, мектеп Жылан-Арык айылына 150 окуучуга ылайыкталып курулмакчы.

Тендердин пландалып жаткан суммасы 111 млн 767 миң 150 сомду түзөт, тендерге катышуу үчүн билдирүү берүүнүн акыркы мөөнөтү 30-июнь.

Пикир

Оставить комментарий