• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү былтыркы чектен ашуусу күтүлүүдө 

Экономика 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү былтыркы чектен ашуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча сектордун өсүү темпи 1,8 пайызды, же 428,2 млрд сомду түздү. Ал эми 2022-жылы 435 млрд сомду түзгөн.

Амангелдиев өнөр жай өндүрүшүнүн мындай көлөмү жана өсүү темпи төмөндөгүдөй бир катар факторлор менен шартталганын белгиледи:

Биринчиден, өнөр жай секторунда жүргүзүлгөн системалык реформалар. Өндүрүш секторуна жер бөлүү процесси жөнөкөйлөтүлүп, жергиликтүү бийлик өнөр жай зоналарын аныктоо укугуна ээ болду.

Экинчиден, фискалдык колдоо салык тутуму аркылуу көрсөтүлүп, салык жана бажы жеңилдиктери өндүрүш секторундагы долбоорлорго түздөн-түз берилген.

Үчүнчүдөн, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөр күчөтүлдү, инвестициялык келишимдерди түзүү аркылуу административдик, финансылык жана кепилдик инструменттерин колдонуу менен өнөр жай сектору активдештирилди.

"Акыркы үч жылдын ичинде 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилген, алардын инвестициясы дээрлик 1 млрд долларды түзүп, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлгөн", - деди ал.

Ошондой эле министр тигүү, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык препараттарды өндүрүү сыяктуу тармактарда жаңы өнөр жай объектилери ачылып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий