• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча канча жана кайсы иштер козголгонун айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр голд компани” ишканасы боюнча канча жана кайсы кылмыш иштер козголгонун айтты.

Анын айтымында, учурда УКМК тарабынан мурдагы премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 1-пункту (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Бул иш боюнча өкмөттүн ошол учурдагы мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да өтүүдө.

УКМКнын башчысы белгилегендей, экинчи кылмыш иши айыл чарба багытындагы жер тилкелерин берүүгө байланыштуу. Үчүнчү кылмыш иши салык төлөмдөрдүн жана камсыздандыруу төгүмдөрү аткарылбашы. Ал эми төртүнчүсү экологияга тийгизген таасири боюнча козголгон иш.

Ташиев ошондой эле аталган ишкананын кеңсесинде тинтүү болгонун белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий