• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бешимов: 30 жылда аймактагы өлкөлөр чек ара маселелерин чечүүдө бир пикирге келе алышкан жок

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, азыр бул маселени артка жылдырууга болбойт. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулоону чечишти.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов белгилегендей, өз ара аракеттер болгон жерде гана дипломатия болот, эгер бир тарап каалабаса анда дипломатия жабыркай баштайт.

“Сирия, Ливия, Тоолуу Карабак дүйнөдө көйгөй бар экендигин көрсөттү. Өз кезегинде биздин Борбор Азияда дагы олуттуу көйгөйлөр бар. 30 жыл аралыгында өлкөлөр чек ара маселелерин чечүү боюнча бирдиктүү пикирге келе алышкан жок. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы окыркы окуя ЖККУ сыяктуу аянтчалар талаш-тартыштуу жаңжалды чечүүдө натыйжасыз экенин көрсөттү. Балким ушул көз караштан алып караганда биз Өзбекстан жана Түркмөнстандын үлгүсүндө тышкы саясатты башкача нукта жүргүзүшүбүз керектир”, - деди ал.

Андан ары ал аймакта жаңжалдын чоң мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. “Калктын жыштыгы, суунун жана жайыттардын жетишсиздиги, буга кошумча Афганистандагы абал барган сайын курчууда. Алар кайрадан өз ара бири-бирине каршы чыгабы деген коркунучтар бар. Анда эмне болот? Ушуга байланышту биз өзүбүзгө гана таянышыбыз керек. Биз үчүн көйгөйлөрүбүздү кимдир бирөө чечип берет деген ишенимден алыс болушубуз зарыл”,-деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий