• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЮНИСЕФтин Европа жана БА өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Афшан Хандын Кыргызстанга расмий сапары башталды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапар эки күнгө созулат, жана бул Афшан Хандын Кыргызстанга болгон экинчи сапары.

Расмий сапарынын алкагында Афшан Хан ЮНИСЕФтин негизги мамлкеттик өнөктөштөрү менен жолугуп, Кыргызстандын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы Өлкөлүк Кызматташтык Программасынын ишке ашырылышын талкуулайт. Талкууларда балдардын укуктарын ишке ашыруудагы жаңы артыкчылыктарга жана негизги өңүттөрүнө көңүл бурулат. Мисалы, өлкөдөгү балдардын жакырчылыгы, майыптуулугу бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалы, ата-энелик, санарип билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өспүрүмдөр жана жаштар эмгек ишмердигине өтүп, жигердүү жарандык позицияга ээ болуусу үчүн аларга керектүү көндүмдөрдү үйрөтүү сыяктуу өңүттөргө басым жасалат.

Иш сапарынын алкагында Хан КР билим берүү жана илим министри менен бирге балдарды тарбиялоо боюнча “Беббо” тиркеменин жана “Окуу паспорту” платформасынын бет ачарына катышат, “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары менен жолугушат, “Коопсуз мектептер” программасынын алкагында балдар үчүн өткөрүлө турган симуляциялык машыгууларга катышат, ал эми бул машыгууларды ЮНИСЕФтин ыктыярчылары өткөрөт.

Хан 30 жыл бою эл аралык мамлекеттик кызматчы болуп иштеген. Буга чейин ал ЮНИСЕФтин Өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору кызматын, ошондой эле дагы бир катар жетектөөчү кызматтарды ээлеген: Коомчулук менен иш алып баруу жана ресурстарды мобилдештирүү боюнча башкармалыктын директору; Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча регионалдык директордун орун басары жана ЮНИСЕФтин Ямайкадагы өкүлү болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий