• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттарды кызматтык иш сапарлары боюнча отчетун жарыялоого милдеттендирүү демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Жогорку Кеӊеште депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетторун жарыялоого милдеттендирүү максатында иштелип чыккан «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, демилгечилер – депутаттар тобу.

Депутат Алтынай Өмүрбекова мыйзам долбоору күндөлүк тажырыйбадан улам жаралганын билдирди. «Жогорку Кеӊештин, анын депутаттарынын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетун 7 күндүн аралыгында парламенттин сайтына жайгаштырууга милдеттендирүү зарыл, - дейт ал. - Ушундай талап туура болот, депутаттардын эмне иш жасаганын калк билсин. Мындай талап кагазда эле калып калбасын десек, мыйзамдын аткарылышын тармактык комитет көзөмөлгө алууга тийиш», - деп, ал мындай талапты өкмөт мүчөлөрүнө да милдеттендирүү зарылдыгын белгиледи.

Андан сырткары, депутаттар адегенде иш сапарга чыга турганы тууралуу фракция башчысына билдирүүгө тийиш экени белгилүү болду.

Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, Талант Мамытов баштаган бир топ депутаттар мыйзам долбоорун колдой тургандыктарын билдиришти.

Евгения Строкова, Дастан Жумабеков, Кожобек Рыспаев сындуу бир катар депутаттар мыйзам долбооруна каршы болушту. Алардын пикиринде, парламенттин башка бийлик бутактарынан кыйла айырмасы бар.

Ал эми Альфия Самигуллина сунуш кылынып жаткан айрым тартип жоболорун мыйзам менен эмес, токтом аркылуу эле чечип койсо боло турганын белгиледи.

"Депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорунда конституциялык ченемдерге каршы жоболор камтылып калгандыктан, аны экинчи окуунун режимине кайтаруу зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова мыйзам долбоорун жөн эле күн тартибинен алып салуу сунушун берди. Бирок, ал сунуштар көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок",с- деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий