• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан жана Иран ТИМ башчылары жолугушууда

Саясат 0

Бишкек, 19-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жана Ирандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен КРга расмий сапары менен келген Мухамад Жавад Зариф жолугушууда.

Жолугушуу тар форматта өтүп жатат. Анда тараптар эки жактуу кызматташуу келечегин талкуулашат.

Андан соң министрлер жолугушуусун кеңири форматта улантат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ведомство башчылары маалымат жыйын беришет.

Пикир

Оставить комментарий