• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Сатыбалдиев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бир мандат менен шайланып келген депутаттар бөлүнүп чыккандыгын айтты.

“Биз “Мекенчил” деген топ түздүк. Азыр 14 депутат кирди. Муну спикер келгенде айтайын дедим эле, Жамиля Кубанычбековна. Биздин топко катчылык түзүп, камсыздап бериңиз (ред.: Жамиля Исаевага кайрылуу)”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий