• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-апрелдеги революциядан кийин Кыргызстан дүйнөлүк жаңы деңгээлге көтөрүлдү – Ч.Турсунбеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан эли, апрель революциясынын баатырлары жана катышуучулары өлкөнү үй-бүлөлүк диктатурадан куткарышты. Бул тууралуу бүгүн Апрель революциясына арналган иш-чарада парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы 7-апрелде өлкө эли аянтка чыгып, Кыргызстандын эркиндиги жана келечеги үчүн күрөшкөн.

“Көптөгөн адамдар өлкөдөгү кырдаалга чыдабаганы менен айла жоктон жашап келишкен. Жыйынтыгында, эрдигин жана баатырлыгын көрсөтүп, эл аянтка чыкты. Алар – сиздер, уулдарыңыздар, жолдош жана аталар болчу. Өлкө эркиндиги үчүн курман болгондордун арасында жаштар да, карылар да болгон. 2010-жылдын апрелине чейин өлкөнү бир гана үй-бүлө эмес, бандитизм башкарып келген. Канчалаган ишкерлерден бандиттер акча өндүрүшкөн”, - деди ал.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы 7-апрелдеги жоготуу жок жерден болбогонун белгиледи.

“Себеби 7 жылдын ичинде Кыргызстан жаңы жолго түштү. Бүгүн Кыргызстан дүйнөлүк жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн ачык айтыш керек. Буга мисалдар көп. 2016-жылы Австриядагы парламенттик Ассамблеяда 2015-жылы өткөн шайлоолорго жогорку баа берилген. Ошондой эле, өткөн жылы Германиянын канцлери Ангела Меркель Борбор Азияда жалгыз өлкө Кыргызстанга келип кетти. Ал КР президенти Алмазбек Атамбаев жана парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушкан”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий