• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шакиев Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

ЖКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, төрага делегация мүчөлөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.

Жолугушууларга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий