• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орто-Токой суу сактагычынан суу келбегендиктен, Ала-Букада эпидемия жайылуу коркунучу бар - Пирматов

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Өкмөт жакында эле эки тараптуу келишимдин Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы толугу менен кыргыз тараптын башкауусуна өтөт деген, биз келишимди ратификациялап бергенбиз. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат. Азыр ал суу сактагычтан бир тамчы дагы суу келбей, жергиликтүү тургундар дагы, мал дагы суу иче албай калды. Таза сууну алыстан чакалап ташып келүүгө аргасыз. Абал өзгөрбөсө, ал аймакта эпидемия жайылуу коркунучу бар. Бул тууралуу депутат Исхак Пирматов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, айыл чарба министри Нурбек Мурашев Ала-Букада түзүлгөн кырдаал тууралуу толук маалымат алган соӊ, депутатка жооп берип, тиешелүү чараларды көрүүгө убада берди. Ал аталган келишим ушу тапта өзбек парламенти тарабынан ратификациялануу жол-жоболорунан өтүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген. Келишимге ылайык, топтолгон суунун 92 пайызын өзбек тарап, ал эми 8 пайызын кыргыз тарап пайдаланат. Бирок, суу сактагычты башкаруу толугу менен кыргыз тарапка өтүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий