• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК соцөнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок.

Анын талапкерлигин биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштады.

Буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын Улукбек Кочкоров аркалап келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш вице-премьер кызматына Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин бекиткен.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий