• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги ЖОЖдордун рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди

Билим 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) – 2023 эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди.

Аталган рейтинг боюнча биринчиге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (Казакстан), экинчиге Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университети (Россия), үчүнчүгө Ош мамлекеттик университети чыкты.

IAAR Eurasian University Ranking – 2023 эл аралык рейтингине Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия, Латвия, Азербайжан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир топ мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышты.

IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) рейтинги IREG (Observatory on Academic Ranking and Excellence) рейтингин жүргүзүүнүн эл аралык методикалык стандарттарына негизделип IAAR агенттиги тарабынан иштелип чыккан жана ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнүн сапатын комплекстүү баалоого багытталган.

Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын көз карандысыз рейтинги университеттин ишмердигинин сапатын, академиялык коомчулуктагы, студенттердин, жумуш берүүчүлөрдүн арасындагы кадыр-баркын айкын көрсөтүп, билим берүүнүн учурдагы тенденцияларына ылайыкташкан, атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү жана илим изилдөө чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети – 2022-жылы Кыргызстанда өзгөчө макам берилген беш университеттин бири.

Пикир

Оставить комментарий