• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Директорлорду тандоо. Бош орундарга сынактын экинчи айлампасы өтөт

Билим 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынактын экинчи айлампасы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлик сынакка катышууну каалоочуларды сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштай.

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 25-августунан 8-сентябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Баткен облусу - konkurs2.batken.2022@gmail.com

Жалал-Абад облусу - konkurs2.ja.2022@gmail.com

Ысык-Көл облусу - konkurs2.ik.2022@gmail.com

Нарын облусу - konkurs2.naryn.2022@gmail.com

Ош облусу - konkurs2.osh.2022@gmail.com

Талас облусу - konkurs2.talas.2022@gmail.com

Чүй облусу - konkurs2.chui.2022@gmail.com

Белгиленгендей, документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

"Компьютердик тестирлөө өтө турган график жана жайы тууралуу кошумча маалымат жарыяланат. Сынак жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 0(505)110108, 0(556)110107, 0(755)112237, 0(778)112238", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий