• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте таштанды челектери жууп-тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды челектерди жана аянтчаларды кайрадан жууп тазалоодо. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май районунда 2 күндө 200гө жакын таштанды челеги жана 30дан ашык таштанды аянтчасы жуулду. Биринчи күнү Ленинград, Тоголок Молдо, Мидин, Щербаков көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү. Экинчи күнү челектер Месароша, Кайназаров, Профсоюз көчөлөрүндө жуулду.

Белгилей кетсек, челектерди жана таштанды аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке ылайык бардык райондордо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий