• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикир

Оставить комментарий