• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

EAЭБ маркирлөөсүнүн жоктугу өнүмдөрдүн жок болушуна алып келет

ЕАЭБ 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. EAЭБ маркирлөөсүнүн жоктугу өнүмдөрдүн жок болушуна алып келет. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссия кеңешинин 2021-жылдын 5-мартындагы №22 чечими менен бекитилген Бажы бирлиги комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү үстүбүздөгү жылдын 19-майынан тартып күчүнө кирген.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, карантинге алынган өндүрүмдүн ар бир партиясы, ошондой эле жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материал Комиссия кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечими менен бекитилген Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык маркаланууга тийиш ( мындан ары - БКФТ) жана каршы учурда карантинге алынган өндүрүмдүн ташылып келинген партиясы карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин фитосанитардык сертификат тастыктаган жок деп таанылат.

БКФТ каралган маркалоо жок болгон учурда, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынган өндүрүмдүн партиясын алып келүүгө тыюу салуу же бажы транзитинин бажы процедурасына жайгаштырууга тыюу салуу, карантинге алынган өндүрүмдүн партиясын кайтарып берүү же аны жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 7-июнунда Борбордук аппараттын адистери Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгы менен биргеликте Бажы биримдигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечимине киргизилген өзгөртүүлөрдүн БКФТ каралган карантинге алынган өнүмдөрдүн таңгагындагы маркалоосунун жана андагы маалыматтардын болушун контролдоого байланыштуу бөлүгүн түшүндүрүү боюнча биринчи кеңешме өткөрүштү.

Бул жолугушууга Чүй облусунун тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн (УВЭД) өкүлдөрү катышты.

Келечекте мындай иш-чаралар республиканын башка аймактарында дагы өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий