• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта айдоочуга карата сөгүнгөн милиция кызматкери кызматтан бошотулду – ЖКККБ

Коом 0


Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер органы боюнча жол кыйлымылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору айдоочуга туура эмес мамиле жасагандыгы үчүн кызматынан бошотулду.

ЖКККББ басма сөз кызматы билдиргендей, 17-июнда социалдык тармактарга Сокулукта инспектордун айдоочуну сөгүп жаткан видеосу тараган. Ал нөөмөттө туруп айдоочуга кайрылууда өзүнүн үлгүсүздүгүн көрсөткөн.

Ушуга байланыштуу ИИМ ЖКККББ тарабынан инспекторго карата кызматтык иликтөө башталган. Жыйынтыгында КР укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн, кызматтык милдеттерин туура эмес аткарып, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн аталган инспектор Э.Э. ээлеген кызматынан бошотулган.

Мындан тышкары, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы боюнча Жол кайгуул кызматынын башчысы А.Э. тарабынан начар көзөмөл үчүн сөгүш түрүндө тартиптик жаза белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий