• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кылмыш ишинде колдонуу сунушталган электрондук браслет тестирлөөдөн өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Юстиция министрлиги кылмыш ишинде колдонуу сунушталган электрондук браслетти тестирлөөдөн өткөрүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, электрондук браслеттер үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланышкан кырдаалдар үчүн абдан натыйжалуу (жакындыктын радиусун чектөө аркылуу)

Министрлик адамдын турган жерине байкоо жүргүзүү үчүн арналган электрондук браслеттерди колдонуу методологиясын талдоо жана баалоо боюнча активдүү иш жүргүзүүдө.

Буга чейин министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелеген жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген.

Парламентарийлер тарабынан кылмыш процессине электрондук браслеттерди илериктерди киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, кылмыш процессинде жана сот өндүрүшүндө бир катар аспектилерди санариптештирүү жана оптималдаштыруу шарттары түзүлөт, атап айтканда:

- практикада электрондук браслеттерди колдонуу;

- камакта азыраак жарандар кармалат (анын ичинде анча оор эмес иштер жана коркутуу жана зомбулук көрсөтүүгө байланышпаган иштер боюнча ж.б.);

- эгерде сот тарабынан акталса, мыйзамсыз кармоонун кесепеттери минималдаштырылган;

-тиешелүү инфраструктурага нагрузка азаят.

Белгилей кетчү нерсе, электрондук браслеттердин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө абдан натыйжалуу экендигин белгилей кетүү зарыл анткени алар тиешелүү адамдардын айрым субъекттерге/адамдарга/аймактарга жакындоо радиусун чектейт.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда электрондук браслеттерди жана башка ушул сыяктуу электрондук каражаттарды практикада 2024-жылы, жазык-аткаруу мыйзамдарын ишке ашыруунун алкагында гана эмес (пробация институту аркылуу электрондук көзөмөлдүн алкагында), жаңы «электрондук байкоо» бөгөт коюу чарасы түрүндө да колдонууга болот.

Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык электрондук браслеттерди жазык-аткаруу өндүрүшүндө мурда соттолгон адамдарга карата колдонсо болот, анткени «электрондук көзөмөл – бул пробациянын кардарларына сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөл талаптарынын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына пробация органы тарабынан электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүргүзүлүүчү көзөмөл».

Пикир

Оставить комментарий