• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Ата районунда 43 балык чарба текшерилип, 240 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Ысык-Ата районунда токой фондусунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарба текшерилип, 240 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айып пул текшерүүнүн жүрүшүндө жерлерди пайдалануу эрежелерин, жаратылышты коргоо режиминин талаптарын жана ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузгандыгы үчүн салынды.

Ал эми КР министрлер кабинетинин "Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсепөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык, жерлерди бузгандыгы үчүн жалпы 8 млн 392 миң 507 сом доо коюлду.

Жогорудагы коюлган доо жана айып пулдар өз убагында төлөнбөсө, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Учурда Айыл чарба министрлигинин буйругу менен Чүй токой аңчылык чарбасынын Токмок токой бөлүмүндө ишмердик жүргүзгөн балык чарбалар текшерилүүдө.

Эскерте кетсек, республика боюнча 209 балык чарба Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти менен келишим түзүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий