• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте электр унааларынын жүрүшү өттү

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде биринчи жолу шаар күнүнө карата Бишкекте электромобилдердин жана экомотоциклдердин жүрүшү өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экологиялык таза автоунаалардын колоннасы жүрүштү “Ден соолук” сейил багынын түндүк тарабы, М.Гшлессера көчөсүнөн баштады. Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтып келди.

Жүрүштү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жетектеди.

Шаардыктардын, айдоочулардын коопсуздугу үчүн колоннаны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрдү.

Белгилей кетсек, жүрүш Кыргызстандагы электр транспортун, тактап айтканда экомотоцикл идеясын жайылтуучу Ecobike, электр транспорт салонунун колдоосу менен өттү.

Белгилей кетсек, 28-апрелге карата Мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде 203 электромобил катталган, анын 150сү Бишкек шаарында.

Пикир

Оставить комментарий