• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор калаанын мектеп окуучулары Афган согушунун ардагерлери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин акимиаты Билим берүү борбору менен биргеликте жогорку класстын окуучулары үчүн баатыр генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейине экскурсия уюштурду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду. Окуучулар отставкадагы полковник, Афган согушунун ардагери Орозбай Колубаев менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты - окуучулардын ой-жүгүртүүсүн кеңейтүү, өз өлкөсүнө болгон милдет, жоопкерчилик, патриоттук сезимдерин ойготуу болуп саналат. Баатыр генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейинде жалпысынан 300 окуучу болду.

№72 мектеп-гимназиясында дагы Афган согушунун ардагерлери менен окуучулар ортосунда жолугушуу уюштурулду. Ардагерлер согуш тууралуу айтып, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Жыйындын катышуучулары Афганистанда, бардык локалдык согуштарда жана кагылышууларда курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Пикир

Оставить комментарий