• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

"Эл шайырлары" фольклордук тобунун солисти Рустам Сагыналиев каза болду

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргыздын таланттуу уулу, ырчы, аткаруучу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиев 40 жашында каза болду. Кабарды улуттук филармониянын администрациясынан тастыкташты.

Рустам Сагыналиев 1984-жылы январда Талас облусунун Бакайыр айылында туулган. Ырчы улуттук филармониянын А.Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун мүчөсү болчу.

Ал боор циррозуна чалдыккандыктан былтыр кайрымдуулук концерти уюштурулуп, Индияда операция жасатууга акча чогултулганы айтылган эле. Бирок донор табылбай жаткандыктан, операциясы создугуп келген.

Маркумдун артында эки баласы калды.

“Кабар” маалымат агенттиги Рустам Сагыналиевдин жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий