• 88.68
  • 95
  • 0.95

Он айда Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1,6 миң кепилдик берилген

Экономика 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Аялдардын ишкердиги Кыргызстандын экономикасында динамикалуу өнүгүп жатат, деп билдирет «Кепилдик фонд» ААКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кепилдик фонд 765 миллион сомдон ашык суммага 1630 кепилдик берүү менен аялдардын ишкердигин колдоого алды.

Ишкер аялдар ар түрдүү тармактарда активдүү иш алып барышат. 2023-жылдын башынан бери жана 31-октябрга карата берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41%ды түздү.

Бул мезгилдеги статистикалык маалыматтарга ылайык, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында бизнести өнүктүрүү үчүн кепилдиктердин жалпы санынын 52%дан ашыгы ишкер аялдарга берилген.

Калган 48% башка тармактарды өнүктүрүүгө, анын ичинде: курулушка; транспорт; кызмат көрсөтүүлөр; өнөр жай; туризм; соода жана ипотека.

Быйыл кепилдик ишкерлерге дээрлик 1 миллиард 850 миллион сом өлчөмүндө кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Бул мезгилде аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн кепилдик фонддордун дээрлик 60%ы аймактарга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен: кепилдик каражаттардын жалпы суммасынын 15,1%ы Жалал-Абад облусуна жөнөтүлдү; Ош облусуна – 9,2%; Чүй облусуна – 7,4%; Ысык-Көл облусуна -7,1%; Баткен облусуна – 6%; Ош шаарына – 5,8%; Талас облусуна – 4,8%; Нарын облусуна – 3,3%.

«Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2 миллиард 125 миллион сомдон ашык суммага 2 671 кепилдик берилип, ишкерлерге 6 миллиард 295 миллион сомдон ашык суммада банктык кредиттер берилген.

Пикир

Оставить комментарий