• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жазуучу Жунай Мавляновдун китептеринин көргөзмөсү өттү

Маданият 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун 100 жылдыгына карата китеп көргөзмө өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көргөзмөгө жазуучунун китептери, сүрөттөрү, өмүр чыгармачылыгына арналып жазылган гезит- журналдагы макалалар коюлган. Көргөзмөгө келгендер Жунай Мавляновдун чыгармачылыгы менен жакындан таанышып, жазуучу тууралуу кеңири маалыматтарга ээ болушту.

Иш-чарага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын жазуучулар жана Жунай Мавляновдун жакындары катышты.

Бүтүндөй өмүрүн агартуучулукка арнаган жазуучу Жунай Мавлянводун “Жүрөк”, “Аркыт гүлдөрү”, “Мөл булак”, “Бекиш, сага эмне болду?”, “Күтүү”, “Менин күндөлүгүм” “Ачык асман”, “Келе колуңду”, “Чагылган”, “Нан”, “Турмуш” ж.б. поэзия жана проза жыйнактары жарык көргөн. “Ачык асман”, “Бийиктик”, “Жаңы таң” романдары жана башка аңгеме, повесттери украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех тилдерине которулган.

Пикир

Оставить комментарий