• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эстен чыгарбаңыз! Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөө керек

Экономика 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөөгө болот. Булар – бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий