• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азык-түлүк эмес товарлар, тамеки, алкоголдук ичимдиктер. 2023-жылы Кыргызстанда кымбаттаган товарлар

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 2023-жылдын январь-декабрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 7,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Төрага 2023-жылы кайсы товарларга баалар кымбаттагандыгын тизмектеди. Алар:

  • азык-түлүк эмес товарларга баалар 12,2 пайызга;
  • алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 11,3 пайызга;
  • тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга-3,4 пайызга;
  • калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 9,1 пайызга жогорулады.

Кудайбергенов өткөн жылы керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалгандыгын кошумчалады.

"Мында баалардын максималдуу өсүшү (12,7 пайыз) Нарын облусунда белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын эң көп жогорулашы (19,4 пайызга) менен шартталган", - деди Улуттук статистикалык комитеттин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий