• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто каналга түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы жеткинчектердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Южный каналына түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жеткинчектер 11-июлда сууга түшүп кеткен. Аларды издөөгө куткаруучулар тартылып, бүгүн 9 жаштагы К.М., аттуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми 7 жаштагы жеткинчектин сөөгү жакындары тарабынан табылган.

Куткаруучулар балдарды суу объектилерине кароосуз калтыруу кооптуу экендигин эскертет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 60 адам сууга чөккөн, анын ичинен 41 учур жай мезгилинде катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий