• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек - Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, 10 жаран жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.22./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, 10 жаран жабыркаган.

Агенттикке Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ, 2-майда саат 18.30дар чамасында Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош автожолунун 554-чакырымында Mitsubishi жана Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жеринде Mitsubishi автоунаасынын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К. жана Honda Stepwagon унаасынын жүргүнчүсү 2021-жылы туулган А.Э. аттуу ымыркай алган жараттарынан улам каза болуп калышкан.

Ошондой эле Honda Stepwagon`дун айдоочусу жана 9 жүргүнчүсү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алып, райондук ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий