• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи айым Айгүл Жапарова Улан-Батордогу ооруканага барды жана маданий программа менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Лувсандоржийн Болорцэцэг Улан-Батордогу «UB Songdo» ооруканасына барышты. Бул тууралуу Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.

Биринчи айымдар аталган ооруканага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында барышкан.

Ошондой эле Айгүл Жапарова менен Лувсандоржийн Болорцэцэг улуттук "Наадам" майрамын белгилөөнүн алкагында маданий программа менен таанышты.

Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров өлкө президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапары менен барып, 11-июль күнү кечинде Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий