• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жылытуу мезгилине кандай даярдыктар көрүлүүдө?

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал тиешелүү кызматтар менен биргеликте электр тармактарын даярдоонун жүрүшүн, Көк-Жар суу алгычындагы пландык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Көчмө жыйындын алкагында мэрдин орун басары Ж.Шамыралиев «Арча-Бешик» 110/10 кВ көмөкчордонунда болду.

Көмөкчордондо 10 МВА болгон Т-1 кубаттуулуктагы трансформаторду 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Башкача айтканда, көмөкчордондун кубаттуулугу 6 МВАга көбөйөт, бул "Арча-Бешик" жана "Ак-Өргө" конуштарында, ошондой эле Орок жана Чоң-Арык айылдарында жашаган керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Андан ары ал Арча-Бешик конушундагы СИП зымы менен 0,4 кВ аба электр чубалгысын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Линиянын узундугу 2 чакырымдан ашык болуп, 40 даана темир-бетон мамылар орнотулат.

Белгилей кетсек, изоляцаланган зымдар ар кандай жаратылыш кубулуштарына туруштук бере алат: кар жаашы, шамалдын таасири. Изоляцаланган зымдын артыкчылыктарына оңдоонун жеңилдиги, чыңалуу астында иштөө мүмкүнчүлүгү жана техникалык тейлөөнүн коопсуздугу кирет.

Андан соң Профсоюз - Мессарош көчөсүндөгү «Ново-Западная» 110/35/6 кВ көмөкчордонунан тараган 6 кВ кабелдик чубалгысын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мурдагы эски кабель 1974-жылы эле пайдаланууга берилген.

"Көк-Жар" суу алгычында чоң көлөмдөгү иштер жүргүзүлүп, анын ичинде резервуарларды дезинфекциялоо жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө керектүү иш-чаралар аткарылды. Бул иш-чаралардын натыйжасында кыш мезгилинде ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Көчмө жыйындын соңунда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев алдыда боло турган жылытуу мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий