• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент 0


Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун өлкө президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктады.

9-июлда Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчылары кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-монгол эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошол эле күнү Мамлекет башчысы өлкөнүн премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэне жана Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Эрдэнэт шаарындагы “Эрдэнэт” мамлекеттик ишканасына барды. Ал Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана болуп эсептелинет.

Мамлекет башчысы чет өлкөлөргө экспорттолуп жаткан жез-молибден концентратын өндүргөн заводдун карьерин жана фабрикасын көрүп чыкты.

Ал жакка барганда кыргыз делегациясы заводдун техникалык-технологиялык кайра өзгөрүүлөрүн, тактап айтканда, Монголиянын "Эрдэнэт" кенинин рудасынан жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасы менен таанышты. Кыргызстанда алтын-жез концентраттарынан жезди алып чыгаруу боюнча фабрикалар жана технологиялар жок экендигин эске алуу менен, кыргыз тарапка бул тажрыйба кызыктуу болду.

Ошол эле күнү кечинде Улан-Батор шаарында президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу "Чыңгызхан" музейине барышты.

Мамлекеттик сапардын жыйынтыктоочу күнүндө Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылышы болду.

Мындан башка мамлекет башчысы жана биринчи айым Монголиянын улуттук Наадам майрамынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

11-июль күнү кечинде президент Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий