• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров менен Монголиянын премьери кызматташтыкты талкуулашты

Президент 0


Бишкек, 09.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ менен жолугушту.

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелер айланасында, анын ичинде соода-экономикалык чөйрө боюнча, пикир алмашуу болду.

Премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ президент Садыр Жапаров менен саламдашып жатып, анын өлкөгө болгон сапарынын тарыхый маанисин жана Монголиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле Монголияда Кыргызстандын Элчилигинин ачылышына канааттанганын билдирип, бул эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

Премьер-министр өз сөзүндө Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы бир катар маанилүү социалдык-экономикалык багыттарды камтып, салттуу достук мамилелерди тереңдетүүгө басым жасады.

Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ эки өлкөнүн окшоштугуна өзүнчө токтолуп, экономикалык абалы бирдей тоолуу Кыргызстан менен Монголия өлкөлөрү дүйнөлүк океанга чыга алышпайт. Ал ошондой эле кыргыз жана монгол элдери байыркы көчмөндөр катары ата-бабаларынын жашоо образы, тарыхы, маданияты жагынан абдан жакын экенин белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө премьер-министр Садыр Жапаровдун Наадам улуттук майрамына арналган иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул президенттин монгол элине болгон урмат-сыйынан кабар берерин айтты.

Ошону менен бирге Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүүнүн, ошондой эле кыргыз кесиптештери менен өз ара пайдалуу негизде актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жыл аралыгында Кыргызстан жана Монголия бардык негизги багыттар боюнча үлгүлүү мамилелерди түзүүгө жана практикалык кызматташтыкты жөнгө салууга жетишти. Ошол эле учурда бул мамилелердин потенциалы толук ачыла элек, эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өз ара аракеттенүү сапаттуу жана маңыздуу болушу үчүн тиешелүү биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо керек.

Саясий кызматташтык тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров азыркы эки тараптуу мамилелер туруктуу мүнөзгө ээ болуп, улам жогорулап, өнүгүп жатканын белгиледи.

"Монголияда Кыргызстандын Элчилигинин расмий ачылышы да биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө өбөлгө түзөт. Монголиянын Кыргызстандагы Элчилиги менен катар биздин элчилик да эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өзүнүн татыктуу салымын кошот деп ишенем", - деп Садыр Жапаров ыраазычылык билдирди.

Президент Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасап, бул жалпысынан мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз болорун айтты.

“Кыргызстан менен Монголия инвестициялык жагымдуулугу боюнча болжол менен бирдей абалда турат. Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, текстиль жана тигүү тармагы, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кеңейтүү жолу менен экономикалык кызматташууну күчөтүү маанилүү деп эсептейт", - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап келечектүү тармактарда практикалык өз ара аракеттенүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар жолугушуунун жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн жакшы шарттарды түзүп берерине ишенимдерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий