• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Саясат 0

Бишкек, 11.07.23./Кабар/. Бүгүн Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү.

Дипломатиялык миссиянын ачылышы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси кылып дайындаган.

Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

Пикир

Оставить комментарий