• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр менен элчи эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

"Аймактык кызматташтык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле, 2023-жылы биргелешкен сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий