• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбековдун ЕБ институттарына боло турчу сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Күн мурун, 12-февралда Брюссель шаарында КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Европа тышкы аракеттер кызматынын башкы катчысы Хельга Шмид жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен ЕБнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле КР менен ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууга кол коюуга техникалык даярдык маселелерин талкуулашты.

"2020-жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Европа Биримдигинин институттарына сапарын уюштуруу маселеси талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий