• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий