• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 16 күндүк "Зомбулуксуз жашоо" өнөктүгү башталды

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 16 күндүк "Зомбулуксуз жашоо" өнөктүгү башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 ай ичинде үй-бүлөдөгү зомбулук 13 пайызга өскөн. Ал аралыкта өлкөдө 7 миң 667 зордук-зомбулук катталган.

"25-ноябрь - Аялдарга карата зомбулуктун бардык формаларынын тамырын кыркуу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү жана дал ушул күнү "Зомбулуксуз жашоо" 16 күндүк өнөктүк башталып, 10-декабрь - Адам укуктарын коргоо күнүндө аяктайт. Кыргызстанда бул жолу өтө турган өнөктүк аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун себептерине үн катпоону бузууга жана гендердик зомбулуктун тамырын кыркуу үчүн коллективдик милдеттемени ырастоого жана биздин биргелешкен аракеттерибизди бекемдөөгө чакырууга багытталган", - дейт ал.

Солтонбекова белгилегендей, жакынкы аралыкта "117" ыкчам байланыш номери ачылат. Ага гендердик зомбулукка кабылгандар кайрыла алат.

"2021-жылы мамлекеттик кризистик борбор ачылары пландалууда. Ага 3 млн 400 миң сом каралды", - деп белгилеп кетти ал.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат айымдардан түзүлгөн аялдар форуму иштегенин айтат.

"Аялдар, балдардын укуган коргоодо бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Алардын бири 2017-жылы кабыл алынган үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамы. Мурун жабырлануучу арыз жазышы керек болсо, 2017-жылы чыккан мыйзамда зомбулукка коңшу бирөө күбө болсо, анда ал дагы укук коргоо органдарына кайрыла алары жазылган. Бирок мыйзам каржы маселесинен улам жакшы иштебейт жатат", - деди вице-спикер.

Касымалиева кошумчалагандай, пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулук 62 пайызга өстү.

Пикир

Оставить комментарий