• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн маданий кызматташтык боюнча кеңешинин кезектеги жыйналышы өттү

Коом 0

Бишкек, 12.09.23./Кабар/. Бүгүн Бишкекте КМШга кирген мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешинин XXXVIII жыйналышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштатюр саясаты министрлиги билдирет.

Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Аткаруу комитетинин Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Эл аралык Дельфий комитетинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргызстандагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты жөнүндө, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин “ART EXPO” Эл аралык көргөзмөсү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маданият тармагындагы 2021-2025-жылдарга кызматташуунун негизги иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшү, КМШда элдик чыгармачылык жана маданий мурас жылынын жыйынтыгы жана 2023-жылы КМШда орус тили этностор аралык баарлашуунун тили катары жылын өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга Шериктештик өлкөлөрүнүн катышуусу жөнүндө, 2023-жылы Россия Федерациясында (Санкт-Петербург) «Шериктештиктин маданий борборлору» Мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аны Өзбекстан Республикасында (Самарканд) 2024-жылы ишке ашыруунун жүрүшү, КМШга мүчө мамлекеттердин кинематография тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, КМШга мүчө мамлекеттердин «музей таануу» тармагындагы негизги уюму катары «Несвиж» улуттук тарыхый-маданий музей-коругунун иши, КМШга мүчө мамлекеттердин маданият тармагындагы кызматташуусунун келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо, КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы музыка жана маданият жана искусство жаатындагы билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, 2024 – жылы КМШга катышкан мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңешине төрагалык кылуу жана иш пландар каралды.

Жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Кыргызстан бул жолу илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын форумун экинчи жолу кабыл алып жатканын белгилеп, жыйында карала турчу негизги маселелерге токтолду.

Ал өз сөзүндө көп жылдар бою КМШга катышкан мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңеши Шериктештик өлкөлөрүндөгү маданият жаатындагы кызматташтыкты координациялоону камсыз кылган орган гана болбостон, биздин өлкөлөрдүн элдеринин маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк бере турганын, кеңештин акыркы жылдардагы иш тажрыйбасы КМШга катышкан мамлекеттердин бул жаатта кызматташуу концепциясынын максаттары, маданият чөйрөсүндө биргелешкен иш – чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кызыгуусун арттыруу болгон аракет өз натыйжасын берип жатканын белгилеп, жыйынга катышып жаткан расмий өкүлдөргө натыйжалуу жыйынтык берүүчү чечимдерди кабыл алууга жана алдыда пландалган иш- аракеттерге жетүү үчүн биргеликте иш алып барууга чакырды.

Аталган жыйын КМШнын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын форумунын алкагында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий