• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Америкадагы зоопаркта Айбек ысымдуу кичинекей илбирсти көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 28.09.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Американын Woodland Park Zoo зоопаркында 6-июлда ак илбирс жарык дүйнөгө келген. Ага Айбек деген кыргыз ысымын ыйгарышкан, ал “узак жашоочу” дегенди түшүндүрөт.
Komo News басылмасы билдиргендей, зоопарктан Айбек ысымдуу ак илбирс Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген эки илбирстин тун баласы экендигин тастыкташкан.
Маалыматка ылайык, азырынча ак илбирс кичинекей болгондугуна байланыштуу аны белгилүү бир убакытта гана көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий