• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев Душанбеде өтчү БА мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышат.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Душанбеде өтөт.

"2023-жылдын 13-сентябрында Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Душанбе шаарында боло турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусун даярдоо максатында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий