• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда Ташкентте өткөн дүйнөлүк чемпионаттан ийгилик менен кайткан спортчулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-10 сентябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында спорттун каратэ-до түрү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү.

Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, чемпионатка Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Жалал-Абад шаарынан 8 спортчу барып, ийгилик менен кайтышты.

Күн мурун, 12-сентябрда жаш спортчуларды, алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин депутаты Уулкан Кожоева куттуктап, ыраазычылыктарын билдиришти.

Аталган чемпионатта 11-12 жаш курактагы кыздар арасында Камила Саидмаматова, Амина Осмоналиева 1-орунду, ал эми 14-15 жаш курактагы кыздар арасында Жаркынай Эрнисова 3-орунду ээлеген. Өспүрүмдөр арасында Умар Талантбеков 1-орунду ээлеп чемпион болсо, чоңдор арасында Нурдөөлөт Бакиров 1-орунду, ал эми Эрхан Жаныбеков жана Бекжан Калыков 2-орунду, Нурмухамед Турсунов 3-орунду багындырды.

Белгилей кетсек, жалпысынан 31 мамлекеттин спортчулары катышкан чемпионатта медалдардын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий