• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжан ТИМнин ортосундагы консулдук маселелер боюнча консультациялардын биринчи раунду өттү

Саясат 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-октябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжан Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы консулдук маселелер боюнча консультациялардын биринчи раунду өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министрлигинин делегациясын Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары А.Кыштобаев, Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын Консулдук департаменттин башчысы Э.Сафаров жетектешти.

​Консультациялардын жүрүшүндө тараптар COVID-19 сертификаттарын өз ара таануу маселесин, ошондой эле Азербайжан Республикасынын аймагына жарандарына уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине Кыргыз Республикасын киргизүү маселесин талкуулашты.

​Ошол эле учурда консультациялардын жүрүшүндө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын шартында эки өлкөнүн аймагында убактылуу туруп, билим алып жана эмгектенип жүргөн жарандарды колдоо жана жардам көрсөтүү маселелери болду.

​Консультациялардын катышуучулары пандемия учурунда консулдук укуктук жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашып, жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндөгү Минск конвенциясынын алкагында кызматташуу маселелерин, ошондой эле 1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболорун аткаруу жана эки мамлекеттин Ардактуу консулдар Институтунун иштөө маселелерин талкуулашты.

​Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий